Ноокат районунда 51 миллион сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, билим берүү мекемеси 225 орунга ылайыкташтырылган. Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылдын 31-августунда башталган. Курулушка республикалык бюджеттен 51 миллион сом бөлүнгөн.

Заман талабына ылайык ашкана жана спорт залы курулган. Компьютердик класс бар. Учурда 26 мугалим 220 окуучуга билим берүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика