Окумуштуулар коронавируска каршы колдонулган дарынын өлүмгө алып келүүчү коркунучун аныкташты

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн колдонулган азитромицин дарысы башка бир катар дары-дармектер менен колдонулганда инфаркт алып келиши мүмкүн. Мындай тыянакка Чикагодогу Иллинойс университетинин окумуштуулары келишкен.

Эксперттер 44 миллиондон ашуун бейтаптын маалыматтарын изилдеп, амоксициллин жана азитромицинди кабыл алган топтордун жыйынтыктарын салыштырып көрүшкөн.

Азитромицинди жана жүрөктүн электрдик импульсуна таасир этүүчү дары-дармектерди биргелешип колдонуу жүрөк ооруларынын жыштыгынын 40 пайызга көбөйүшү менен байланыштуу. (Мисалы, эс-учун жоготуп, жүрөгүбүздү кагып, жүрөктүн токтоп калышы). Бул дарыларга кан басымына каршы дары-дармектер, антидепрессанттар, безгекке каршы дары-дармектер жана опиоиддер кирет.

Буга чейин, АКШнын Жүрөк Ассоциациясы дарыгерлерди жүрөк ыргагын бузуучу дары-дармектерди жазууда этият болууга үндөгөн. Тизмеде COVID-19 оорусуна каршы дары-дармектер дагы бар. Бул дары-дармектердин арасында хлорохин, гидроксохлорохин жана азитромицин да бар. Булардын бардыгы, дарыгерлердин айтымында, жүрөк ритминин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика