Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот белгисиз мөөнөткө жылды

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отурумунун мөөнөтү белгилене элек.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна жабырлануучулардын бири, маркумдун тууганы Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, июнь-июль айларындагы соттук отурумдарда тараптардын жарыш сөзү болгон. Прокуратура кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Андан кийинки соттук териштирүүлөр боло элек. Качан боло турган күнү азырынча белгисиз.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда териштирилип жаткан ишти судья Марат Сыдыков карап жатат.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши – Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Москвада кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика