Англияда 2 миңдей адамга атайын коронавирус жуктурушат

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинаны сыноо максатында болжол менен 2 миң каалоочуга коронавирус жуктурулушу мүмкүн. Бул тууралуу «Financial Times» басылмасы жазды.

Сыноо 2021-жылдын январь айында атайын ылайыкташтырылган Уайтчепел клиникасында жүргүзүлүп баштайт.

Адегенде каалоочуларды эмдеп, 1 ай өткөндөн кийин Sars-CoV-2 вирусун жуктурушат. Бул вакцинанын эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн зарыл.

Эксперименттин илимий жагын Лондондун империялык колледжи жана британиялык «hVIVO» изилдөө тобу жетектейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика