Барак Обама Твиттерде телефон номерин жарыялады

U.S. President Barack Obama reacts during a news conference in the White House press briefing room in Washington, U.S., November 14, 2016. REUTERS/Jonathan Ernst - RTX2TNV8

АКШнын 44-президенти Барак Обама Твиттердеги баракчасында өзүнүн телефон номерин жарыялады.

Ал өзүнүн номерине текст түрүндө билдирүү калтырууну сунуштаган.

«Жаңы бир нерсе байкап көрөлү. Эгер сиз АКШда болсоңуз, 773-365-9687 номерине текст түрүндө билдирүү калтырыңыз. Мен иштериңиз кандай, оюңузда эмне бар жана бул жылы кимге добуш берүүнү пландап жатканыңызды билгим келет. Убакыт-убактысы менен сизге байланышып, өзүмдүн ойлорум менен бөлүшүп турам»,- деп жазды ал.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика