COVID-19: Коронавирус дагы 127 кишиден жаңы табылды

Кыргызстанда 24-сентябрга карата 127 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 101и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

  • Ош облусунда – 38;
  • Баткен облусунда – 29;
  • Жалал-Абад облусунда – 20;
  • Бишкек шаарында – 19;
  • Ош шаарында – 8;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Талас облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 2.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3214 медицина кызматкерлери. Алардын 2896сы сакайды. 70тен ашууну көз жумду.лган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика