Кыргызстанга 180 миң доллар киргизүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 180 миң доллар акча менен чек арадагы тосмодон ашып өтүп Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган жаранды кармады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги маалымдады.

Аталган кишиге кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул ишке тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.

Өзбекстандын мыйзамдары боюнча, атайын уруксат кагазы жок өлкөдөн 70 миллион сумга чейин (6,8 миң доллардын тегереги) чыгарып кетсе болот. Ал эми 100 миллион сумга (болжол менен 9,7 миң доллар) чейин алып чыгууну каалагандар милдеттүү түрдө декларация толтурушу керек.

Коңшу өлкөдө накталай акчаны аткезчилик жол менен алып чыгып кеткендер үчүн сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика