Улуттук банк сомду колдоо үчүн 11 миллионн доллар сатты

Доллардын курсунун кескин жогорулашы кайрадан Улуттук банкты интервенция менен валюта рыногуна чыгууга аргасыз кылды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Күн мурун Улуттук банкы 11,2 млн сом өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү (келишим күнү 5.8 миллион долларды, келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен 5,4 млн). Бул сентябрь айында доллар саткан экинчи интервенция.

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта базарына 11 жолу чыгып, акыры 238,6 миллион долларды сатты.

Белгилей кетсек, 4-сентябрга карата Бишкекте АКШ долларды сатып алуу – 79, 20 сом, сатуу – 79, 55 сом болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика