2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди

2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

  • 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилсин;
  • Өкмөт, Жогорку Кеңеш жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталсын;
  • Өкмөткө, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталсын;
  • Өкмөткө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталсын.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика