Өкмөт: Кыргызстанда кышка даярдыкта көйгөй жок

Кышка даярдык өз планы менен жүрүп жатат. Бишкек жана Ош ТЭЦтери кышкы жылуулук сезонуна даяр. Мындай маалыматты кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана кен казуу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Кара-Кечеден көмүр ташуу учурда уланып жатат:

“Кара-Кечеде жол жабылып калганын билесиңер. Бирок биз айлантма жолду курганбыз. Азыр ошол жол аркылуу Нарын облусунун үч району камсыз болуп жатат. Биз Бишкек ТЭЦине июнь айында 5 миң, августта 10 миң тонна көмүрдү ашыкчасы менен жеткиргенбиз. Эми 30-сентябрдан тартып Кара-Кече – Дыйкан жолу ачылса, кайра көмүр ташуу жанданат”.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Кара-Кече кенинде ишканалар көмүр казуу иштерин улантып жатканын кабарлаган. Ага ылайык көмүр тарткан автоунаалар Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу өткөн жол менен Кара-Кечеден көмүр ташууну улантып жатышат.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып турган стратегиялык жол тосулуп калган.

Жумгалдагы көмүр кендеринен Бишкек Жылуулук электр борборуна жыл сайын 700 миң тонна көмүр ташылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика