Бишкекте баңги кылмышына шектелген жаран кармалды

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо” боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жакында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1996-жылы туулган Г.Д. аттуу жаран кармалган.

Кармоо учурунда шектүү далилдерден кутулууга аракет кылып, колундагы баштыгын ыргытып жиберген. Окуя болгон жерди кароо учурунда жогорудагы жаранга таандык баштыкты табышкан. Баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 365 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү каражат болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган каражат кара куурай тобундагы баңгизат болуп чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика