Токмокто жашы жете элек кыздарга зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган деп айыпталган адам жазадан бошотулду

Чүй облустук соту жашы жете элек кыздарга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган деп айыпталып жаткан Чек ара кызматынын мурдагы аскер кызматкерин жазадан бошотту. Бул тууралуу журналисттерге жабырлануучулардын адвокаты билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик айыптоочу адамды “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча күнөөлүү деп табууну суранган.

“Чек ара кызматынын мурдагы аскер кызматкери Т.А. эки берене боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды, бирок мунапыс колдонулгандан кийин сот аны жазадан бошотту. Мындай оор айыптар боюнча мунапыс колдонууга мыйзам жол бербейт. Бул чечим боюнча биз Жогорку Сотко даттанууну көздөп жатабыз. Айыпталуучу акыркы сөзүндө жабырлануучулар менен элдешип, 40 миң сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтургандыгын билдирген, бирок жабыркаган кыздын атасы бул фактыны четке какты. Тескерисинче, Т.А.дан ага карата коркутуулар болгон”, – деди жактоочу.

Эске салсак, Токмок шаарында Чек ара кызматынын мурдагы аскер кызматкери Т.А. мас абалында жаш кызды кире беришке киргизип, ыплас иштерди кылган. Кийинчерээк ошол эле кварталда Т.А. эки кызды көрүп, биринин далысынан кармап, өзүнө тартып, жаман иштерди кылган. Биринчи инстанциядагы сот чек арачыны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, айып пул салып, сот залынан бошотту.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика