ИИМ: Бийликти басып алууга чакырган беш адам камалды

Ички иштер министрлиги бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адамды кармап, алардын бешөөнү камакка алды. Бул тууралуу 1-октябрда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну мерчемдеп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет булактарында тараган. Факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин Тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган”.

Улуттук академиянын адистери соттук-саясий экспертиза жүргүзүп, видеодо сүйлөгөн адамдын сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык белгиси бар деген жыйынтык чыгарышкан.

Милиция билдиргендей, сотко чейинки териштирүү алкагында 30-сентябрда “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. Алар наркологиялык текшерүүдөн өтүп, 20сы баңги зат колдонгону аныкталган. Бешөө шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ алардын аты-жөнү Шамил Муканбаев, Амангелди Артыков, Акылбек Олжембаев, Рыскелди Бериков жана Кубанычбек Жумаканов экенин, төртөө мурда соттолгонун кабарлады.

30-сентябрда социалдык түйүндөрдө бир бөлмөдө отурган 20 чакты эркек саясат темасын талкуулап жатканы, алардын бири “1500 айылдан балдарды чыгаралы, бул шайлоону өткөрүп жиберсек, анда биз утулдук” деп айтып жатканы жазылган видео тараган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөнү жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика