“Манас” эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды

“Манас” эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

 Чүй ЖКККББ маалымат кызматы билдиргендей, окуя 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Жыйынтыгында катуу ылдамдыкта бара жаткан автокөлүк ала салып кеткен.

Кырсык болгон жерден 22 жаштагы кыз мерт кеткен. Ал эми айдоочунун ооруканага жаткырылганы кошумчаланды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика