Украинада кулаган учактан аман калган курсант окуя кандай болгонун айтып берди

Украинадагы учак кырсыгынан жалгыз аман калган курсант Вячеслав Золочевский окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана адам тирүү калган.

Курсант учурда ооруканада. Бирок Мамлекеттик иликтөө бюросунун тергөөчүлөрү аны суракка алып, окуя тууралуу көрсөтмө берүүсүн өтүнүшкөн.

Золочевскийдин айтымында, учак кулагандан кийин аны учуучу аппараттын корпусу басып калып, курсант акыл-эсин жоготуп койгон. Качан өзүнө келгенде, күйүп жаткан учак калдыктарынын алдынан чыгып жолдош баласы Виталий Вильховомго жардам берүүгө аракет кылган.

Золочевский учак кулаардын алдында учкучтар кабинасынын жанында отурганын кошумчалаган.

“Алдыңкы катарда эле отургам. Бир убакта учак бир капталга дароо кыйшайып, анан мен учуп кетип, башым менен түштүм. Андан кийин эсимди жоготуп коюптурмун”, — деди Золочевский.

Мамлекеттик иликтөө бюро башкармалыгынын жетекчиси Ярослав Лёшенко билдиргендей, Золоческийдин берген көрсөтмөлөрү сөөктөрдү идентификациялоо процедурасын жеңилдетет.

Курсант учак кырсыгынын алдында эмне болгондугу тууралуу башка да көрсөтмөлөрдү берген. Бирок аларды тергөөчүлөр азырынча жалпыга маалымдай элек.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика