Президент Жээнбеков шайлоого байланыштуу элге жана саясий партияларга кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу 2-октябрда элге, саясий жарышка катышып жаткан партияларга кайрылды.

Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган кайрылууда Жээнбеков үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өткөнүн, эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин билдирген.

Жээнбеков акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталганын, жараяндын бардык баскычтарында шайлоо адилеттигин камсыз кылууга аракет болгонун белгилеген.

Ошондой эле шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын лидерлерине, талапкерлерге кайрылып, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн айткан. Аларды мыйзам чегинен чыкпоого чакырган.

“Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы”, – деген Жээнбеков элди шайлоого катышып, саясий тандоосун сөзсүз билдирүүгө үндөгөн.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика