Дагы 128 адамдан коронавирус табылды, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 ​кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.

Жаңы катталгандар:

  • Баткен облусунда – 38;
  • Ош облусунда – 33;
  • Бишкек шаарында – 22;
  • Жалал-Абад облусунда – 17;
  • Ош шаарында – 8;
  • Ысык-Көл облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 2.

3-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 10у – медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3304 адис вирус жуктурду. Алардын 3038и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика