Ысык-Атада 100 жаштан ашкан эки карыяга 20 000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

Ысык-Ата районунда 100 жаштан ашкан эки карыяга Карылар күнүнө карата акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Байыш Курманов, анын орун басары Айша Орозбекова жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү карыялардан кабар алып, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 10 миң сом, акимчиликтин 5 миң сом жана айыл өкмөттүн 5 миӊ сом акчалай сыйлыгын тапшырышты.

Турсун Абдылдаева 1920-жылы Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында төрөлгөн. Ошол эле айылдагы мектепти 7-классты аяктап, 1941-1945-жылдары Чүй каналында, тылда эмгектенген. 1947-жылы Мажин Абдылдаевге турмушка чыгып, 10 баланы тарбиялашты. 2015-жылы «Баатыр эне» төш белгиси менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин «Сын-Таш» колхозунда кызылчада эмгектенген. Учурда 8200 сом пенсия алат.

Амина Халилова 1920-жылы төрөлгөн. Кытайда дыйкандардын балдары үчүн ачылган мектепте окуган. Кийин үй-бүлө курган кезде дунгандарга куугунтуктар болуп, башка жакка качууга туура келген. Ошондо бир баласы Кытайда кокусунан калып, Амина Халилова ал баласын ушул мезгилге чейин көргөн эмес. Алгач Казакстанга, кийин Кыргызстанга көчкөн. Учурда жанында 10 баласы, 35 небереси, 19 чөбөрөсү бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика