Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Азиз Суракматов АКИpress маалымат агенттигине кызматын кармап отурбаганын айткан.

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жумуш ордунда жок учурда митингчилер Жоошбек Коеналиевди убактылуу мэр кылып жарыялаган.

Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика