БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

  Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечим БШКнын мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынганын комиссия бүгүн, 6-октябрда жарыялады.

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев АКИpress агенттигине акыркы саатта бул маселе каралганын билдирди. Анын айтымында, жакынкы сааттарда отурум болуп, добуш беришет. Бул өлкөдөгү саясий абал менен байланыштуу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика